• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкек шаарындагы бак-дарактар санитардык бутоодон өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери райондордогу авариялык абалдагы, куурап калган, үстү куураган, ошондой эле тамыр системасы чирип кеткен бак-дарактарды мөөнөттөрүн көрсөтүү менен комиссиялык экспертизадан өткөрүп, андан соң санитардык бутоо иштерин жүргүзүшөт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, төмөнкү көчөлөрдө үстүртөн жана терең санитардык бутоо, ошондой эле бузуу иштери жүргүзүлдү: Абдрахманов, Чүй проспектиси Манас проспектисинен Абдрыхманов көчөсүнө чейин, Ч.Айтматов көчөсүндө Ахунбаев көчөсүнөн Жибек-Жолуга чейин, Фучик, Байтик-Баатыр, Ахунбаев, Горький, Юнусалиев, Жибек-Жолу Алматы көчөсүнө чейин ,Жаш Гвардия бульвары.

Ал эми Эмен сейил багында, Элдердин достугу скверинде, Өкмөт скверинде, Эркиндик бульварында Түгөлбай ата көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бак-дарактар пландуу санитардык бутоодон өткөрүлдү.

Бүгүнкү күндө Эркиндик бульварында Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолуга чейинки бөлүгүндө, Орозбеков, Раззаков, Элебаев, Лермонтов иштер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий