• 85.5
  • 92.81
  • 0.89

Кыргызпатент Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-декабрда Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Р. Керимбаева Кыргызпатенттин инновациялык идеяларды иштеп чыгуудан баштап, укуктук коргоону камсыздоо жана интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштырууга чейинки интеллектуалдык ишмердикти өнүктүрүү боюнча аткарып жаткан иштери тууралуу айтып берди. Ошондой эле “40 райондон – 40 демилге” долбоору жана аймактарда инновациялык долбоорлорду ачуу идеялары менен бөлүштү.

Өз кезегинде Ханс Фарнхаммер Кыргызпатенттин өлкөнү өнүктүрүүдөгү ишмердигинин маанилүүлүгүн белгилеп, Европа биримдигинин өкүлчүлүгү тарабынан ишке ашырылган долбоорлору тууралуу айтып берди.

Пикир алмашуудан кийин тараптар мындан ары биргелешип аракеттенүүгө жана кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда Кыргызпатенттин директору Керимбаева конокторду инновациялык борбор менен тааныштырды.

Пикир

Оставить комментарий