• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакбаев: Нарында балдар чатырда билим алууда, 21-кылымдагы акыбал ушундай

Коом 0

Бишкек, 28.02.19 /Кабар/. Депутат Руслан Казакбаев Ак-Талаа, Кочкор райондорунун бир катар мектептери авариялык абалда экенин эске салып, өкмөттү мектептердин абалына көңүл бурууга чакырды.

Казакбаевдин маалыматына ылайык, Ак-Талаанын Ак-Кыя айылындагы мектептин, Кочкордун Ак-Кыя, Сары-Булак айылдарындагы мектептин окуучулары авариялык абалдагы имаратта, кооптуу жагдайда окуп жатышат.

Жаз чыгары менен чатырга билим берүү улантылса, кыш киргенде айылдын клубунда окуу жүргүзүлүүдө. Сары-Булак айылындагы бала бакча дагы ушул клубда жайгашкан, - деп кошумчалады депутат.

"21-кылымдагы акыбал ушундай", – деди Казакбаев.

Мектептердин көйгөйлөрү тууралуу депутат Искендер Гайпкулов соз кылып, Баткен районунун Сай айылындагы Д.Акматов атындагы мектептин жаңы имаратын куруу 2014-жылы башталып, ошол бойдон токтоп калган.

Бүгүнкү күндө 400 ашуу окуучу мектептин эски имаратында 3 мөөнөт менен окуп жатат, - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий