Министрлер кабинетинин жыйыны. Бишкектеги бир катар объектилер мэриянын карамагына өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйында жалпысынан 16 маселе каралды. Алсак, министрлер кабинетинин мүчөлөрү борбор калаадагы "Чыгыш автобекетинин имаратын Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун долбоорун жактырышты. Мындай чечим, мамлекеттин менчигинде турган кыймылсыз мүлктү натыйжалуу пайдалануу, Бишкек шаарынын экологиялык кырдаалын жана архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу максатында кабыл алынды.

Ошондой эле министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаарындагы аянты 1,14 га, болгон тиешелүү жер участогу менен мамлекеттик менчикте турган административдик имаратты мектепке чейинки билим берүү мекемесин уюштуруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алынды.

Жыйында “Бишкек жылуулук тармактары” мекемесинин филиалдарын жана ошондой эле Бишкек жылуулук электр борборун мэриянын карамагына өткөрүү боюнча маселе да жактырылды. Акылбек Жапаров Бишкек шаардык мэриясы, Финансы министрлиги жана Энергетика министрлиги менен биргеликте бир айдын ичинде өткөрүп алуу иштерин бүткөрүүнү тапшырды.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн кароосуна "Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин камсыз кылуунун жана ишин уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" токтомунун долбоору сунушталып, бир добуштан колдоого ээ болду. Ага ылайык, 5 же андан көп жыл иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулду деп эсептелинип, жетекчиликке кадрларды тандоо сынактын негизинде жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин жыйынында Кыргызстандын аймагындагы төмөнкү өсүмдүктөрдүн: макротомия (Macrotomia DC), арнебия (Arnebia Forssk), ясенец (Dictamnus L), аконит (Aconitum L) жана афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch) түрлөрүнөн дары-дармек, техникалык, тамак-аш өсүмдүк сырьесун даярдоого, жыйноого үч жылга убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү боюнча токтом кабыл алынды.

Ошондой эле жыйында министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий