• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкек - Токмок, Бишкек - Кайыңды поезд каттамдарынын баалары жана графиги

Коом 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы Бишкек - Токмок, Бишкек - Кайыңды поезд каттынын баалары жана графиги тууралуу маалымат жарыялады.

Ага ылайык, Чүй облусунун тургундарынын жол жүрүүсүн ыңгайлаштыруу үчүн күн сайын Бишкек-2 – Кайыңды жана Бишкек-1 – Токмок багытындагы шаар аралык жүргүнчү поезддер каттайт.

Белгиленгендей, Кайыңды – Бишкек-2 поезди Эркиндик бульвары, 1А дарегинде жайгашкан борбордук Бишкек-2 темир жол бекетине саат 07:32де келет. Ал эми кечкисин Бишкектен Кайыңдыга поезд ошол эле бекеттен саат 17:41де жөнөйт.

Поезд алты вагондон турат жана 486 орундук менен камсыздалган.

Билет баасы:

  • 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн – 20 сом;
  • чоңдор үчүн – 56 сом.

Ал эми экинчи шаар аралык Токмок – Бишкек-1 каттамы: поезд Бишкек-1 бекетине саат 07:21де келип, кайра Бишкек-1 бекетинен саат 17:42де Токмокко жөнөйт. Поезд үч вагондон туруп, 243 орундук бар.

Билет баасы:

  • 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн – 20 сом;
  • чоңдор үчүн – 56 сом.

Аталган поезддер Бишкек шаарынын аймагындагы Ленин заводу жана Бишкек-1 (Пишпек) бекети, Лев Толстой көчөсү, 65Б дарегинде жайгашкан.

Чоң кишинин коштоосунда 5 жашка чейинки балдар үчүн жол кире акысыз. Ошондой эле 36 кг чейин кол жүгүн акысыз алып жүрүүгө уруксат берилет.

Билеттерди накталай жана накталай эмес бардык төлөм системалары аркылуу сатып алууга болот:

1. ticket.railway.kg сайты жана анын мобилдик тиркемелери аркылуу;

2. Бишкек-2 бекетинин кассасында;

3. Поезд ичинде коштоочудан.

Толук маалыматты railway.kg сайтынан же төмөнкү телефондор аркылуу алсаңыз болот: 0312 30-02-09, 0705 07-66-96 (WhatsApp).

Пикир

Оставить комментарий