• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин жаңы мэри кызматка дайындалышы боюнча: Маселе бир сааттын ичинде чечилди

Коом 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Бишкектин жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын учурунда өзүнүн кызматка дайындалышы тууралуу айтып берди.

“Бишкек шаарынын мэрлигине дайындалышым мен үчүн жана көптөгөн жарандар үчүн күтүүсүз болду. Маселе бир сааттын ичинде чечилди”, - деди ал.

Абдыкадыров катардагы кызматтан баштап вице-мэрлик кызматка 2005-жылы жеткенин кошумчалады.

“Муниципалитетте болжол менен 30 жыл иштедим. Шаар менин үйүм болуп калды жана анын гүлдөп-өсүшү үчүн бардык аракетти жасайм”, - дейт шаардын мэри.

Эскерте кетсек, Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин мэри болуп 24-февралда дайындалган. Буга чейин аталган кызматты Айбек Жунушалиев аркалап келген.

Пикир

Оставить комментарий