• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Түндүк электр” ААКда оңдоо иш-чаралары башталды

Коом 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. “Түндүк электр” ААКда оңдоо иш-чаралары башталды. 2017-жылы оңдоо иш-чараларды аткарууга 132,99 млн. сом мерчемделди. Бул тууралуу “Түндүк электр” ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Бул каржыга 35 кВ чыңалуусундагы 5 трансформатордук көмөкчордондор;

35 кВ чыңалуусундагы 19,3 км аба электр чубалгылары;

6/10-0,4 кВ чыңалуусундагы 177 комплектүү трансформатордук көмөкчордондор;

6/10-0,4 кВ чыңалуусундагы 277 км ашуун аба чубалгылары оңдолот.

Кыш мезгилинде пайда болуп калуучу авариялык учурларды алдына алуу максатында өндүрүш кызматтар өзгөчө көңүлдү энергияны үнөмдөөчү технологияларга бурушат: энергиянын жоготууларын тийиштүү деңгээлде төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн берген изоляцияланган (обочолонгон) материалдарды колдонуу, ошондой эле, жөнгө салуучу приборлорду орнотуу. Бирок, энергия камсыздоонун ишенимдүүлүгү жабдуунун үзгүлтүксүз иштөөсүнө гана көз каранды эмес. Көп мааниге трассанын абалы дагы ээ, анткени кээде өчүрүүлөргө чубалгыларга кулаган бак-дарактардын бутактары себепкер болот. Оңдоо иш-чаралардын чегинде өндүрүш кызматтар 10-6-0,4 кВ чыңалуусундагы 1624 км ашуун аба электр чубалгы трассаларын бактардын бутактарынан тазалашат.

Быйылкы жылдын капиталдык салымы 591,3 млн.сомду түзөт. Бул каржыга:

  • Токмок шаарындагы 35/10 кВ чыңалуусундагы жогорку вольттогу «Достук» жана Бишкек шаарындагы «Издательство» көмөкчордондордун аз кубаттагы күч трансформаторлордуун ордуна жаңысын орнотуу жолу менен кубаттуулугун жогорулатуу;
  • Аламүдүн районундагы 35/6 кВ «Лебединовка», Бишкек шаарындагы «Издательство», «Западная», «Центральная-1» , «МРЗ» көмөкчордондорундагы майланган өчүргүчү менен 10 кВ комплектүү бөлүштүрүү түзүлүштү (КБТ) вакуумдук өчүргүчү менен КБТга алмаштыруу;
  • Сокулук районуна «Ат-Баши» жана Кемин районуна «Перевал-База» экинчи катар көмөкчордондорун куруу;
  • Чүй облустуна караштуу Панфилов районундагы 35кВ «Каинда-Будёновка» аба электр чубалгысынын 10 км реконструкциялоо;
  • Мындан сырткары, Бишкек шаарындагы 0,4 кВ чыңалуусундагы 170 км аба электр чубалгылары өзүн өзү обчологон зымдарды колдонуу менен реконструкциялоо
  • Чүй жана Талас облустарына жана Бишкек шаарына 41 кошумча трансформатордук көмөкчордондорду орнотуу;
  • 10/0,4 кВ чыңалуусундагы 99,4 км электр берүүчү чубалгыларын реконструкциялоо каралган

Борбор калаабыздын эскирген кабель чубалгылары –өзгөчө маселе. Акционердик коом 2017-жылы борбордун 6-10-35кВ кабель чубалгыларынын 25 км алмаштырууну мерчемдөөдө. Кабелдин бузулууларын азайтуу үчүн көмөкчордондордон тартылган кабель чубалгыларына ашыкча чыңалууну чектөө түзүлуштөрдү орнотуу керек, бул борбордун кабель чубалгыларынын ишенимдүүлүгүн жана иштөө абалын камсыздамак.

Бир фазанын жерге туташуусу тармактагы негизги көйгөйлөрдү жаратат. Бүгүн Бишкек шарындагы 35/10-6 кВ «Центральная-2», «Центральная-4», «Центральная-6», «Западная», «Пенько-Джутовая» көмөкчордондорунан тараган кабель чубалгыларын коргоо үчүн 6-35 кВ тармактарындагы нейтралдарды жердештирүү максатында 10 жогорку вольттогу резисторлор орнотулду.

-Биз «Центральная-2» көмөчордонунан тараган 6 кВ кабель тармактарынын бузулууларына анализ жүргүздүк. Эгерде резистердин орнотулушуна чейин 46 бузулуу катталса, ошол эле мезгил ичинде 6-35 кВ тармактарындагы нейтралдарды жердештирүү үчүн жогорку вольттогу резистердин орнотулушунан кийин 12 бузулуу катталган,-деп борбордук кабель чубалгыларын оңдоо кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Кожошев билдирди. Орнотулган жабдуу бир фазанын жерге туташуу режимин тез арада өчүрүүгө жана каскаддык авариялардын өрчүшүнө жолто болот.

“Түндүк электр” ААК 6-10 кВ кабель чубалгыларын коргоо үчүн 2017-жылы борбордогу жогорку вольттогу «Западная», «МРЗ», «Издательство» көмөкчордондоруна 5 резисторлорду орнотууну мерчемдөөдө.

Пикир

Оставить комментарий