• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек-Торугарт унаа жолунда фура 97 койду өлтүрө сүздү

Кырсык 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда чоң жүк ташуучу унаа жолдо айдалып келе жаткан короо койду сүзүп, 97 кой өлдү.

Окуя 15-сентябрда саат 02:30да унаа жолдун 419-чакырымында болгон.

“Кабар” агенттигине Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, эки малчы трассада Арпа жайлоосунан Кара-Суу районуна койлорду айдап бара жатышкан.

“Мерседес” үлгүсүндөгү фуранын айдоочусу караңгыда койлорду байкабай калып, аларды сүзгөн. Натыйжада 97 кой өлгөн. Фура Кытайга бара жаткан.

“Учурда малчылар менен түшүндүрүүчү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Аларга жарыкты чагылдыруучу жилеттерди кийүүгө, чабандардын бирөө малдардан 500 метрдей алдыда кызыл белгини көтөрүү менен жүрүүгө кеңеш берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий