• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкек жана Чүй облусун газдаштырууга жеңилдетилген насыялар берилүүдө

Коом 0

Бишкек, 08.08.24. /Кабар/. Учурда “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2" долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атмосфералык аба боюнча бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Ташыбек уулу билдирди.

Анын айтымында, долбоор Бишкек жана Чүй облусунда абанын сапатын жакшыртуу, жылытуу мезгилинде шаардагы түтүн-ыш каптоонун деңгээлин азайтууга багытталган. Абанын сапатын жакшыртуу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүп, өткөн жылдан бери алгылыктуу иштер аткарылууда. Газдаштыруу маселесин жеңилдетүү максатында “Газпром Кыргызстан” ишканасы “Айыл банк” жана “Элдик банк” мамлекеттик банктары менен биргеликте калкка жеңилдетилген насыяларды берүүдө.

“Үйүн газга туташтырууну каалаган Бишкек жана Чүйдөгү жарандарыбыз өкмөттүн газдаштыруу боюнча “Жеңилдетилген каржылоо 2 ” программасынын алкагында 8 пайыз менен күрөөсүз жана кепилдиксиз 2 жылга чейинки мөөнөттө 150 миң сомго чейин насыя ала алат. Насыя алууда көп документтер талап кылынбайт, жарандын паспорту, акыркы 3 айдагы кирешеси көрсөтүлөт жана газдаштыруу боюнча смета болушу зарыл. Учурда бул маалыматтарды калкка жеткирүү максатында биргеликте маалымат берүү иштерин жүргүзүүдөбүз”, - деди Нурсултан Ташыбек уулу.

Акыркы 1 жылда газдаштырууга “Айыл банк” тарабынан 80 насыя берилсе, “Элдик банк” 50 насыя берген.

Пикир

Оставить комментарий