• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Учурда Бишкектеги муниципалдык транспортто 30 контролер иш алып барууда

Коом 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/.Учурда Бишкекте коомдук муниципалдык транспортто 30 контролер иш алып барууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, контролерлор күн сайын каттамдарды көзөмөлгө алып, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен активдүү кызматташып, коомдук тартипти жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун, ошондой эле транспортто эрежелердин жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылууда.

Бүгүнкү күндө контролерлер тарабынан 100дөн ашуун мыйзам бузуучулар аныкталган.

Белгилей кетсек, жол киреден түшкөн каражат шаардык транспорттун өнүгүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Алар транспорттук инфраструктураны жакшыртууга, кыймылдуу курамды жаңылоого жана жүргүнчүлөрдү тейлөө кызматтарын жакшыртууга жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий