Бишкек, 10.04.18 /Кабар/. «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларынын айрым райондорунда эки күн көгүлтүр от болбойт.
ЖЧКнын басма сөз кызматы билдиргендей, төмөнкү райондордо жаратылыш газын берүү токтотулат:
- 10-11-апрелде Бишкек шаарынын «Жал-23» кичирайонунда;
- 10-11-апрелде Ош шаарынын Масалиев, Монуев көчөлөрүндө;
Оңдоо иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий