• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек жана Оштун бир катар аймактарында газ убактылуу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Бишкек жана Оштун бир катар аймактарында газ убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, газ берүү 24-28-февраль күндөрү Бишкек шаарынын, ал эми 25-февралда Ош шаарынын айрым жерлеринде токтотулат.

Бишкек шаарынын - Байтик Баатыр, Лев Толстой, Элебаев, Кулатов, Байтик Баатыр, Кулатов, Жукеев-Пудовкин, Горький көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;, «Автомаш Радиатор» ЖЧКсы; «Алькони» ЖЧКсы Матросов көч. 1а, «Санкейп» ЖЧКсы Матросов көч. 1в, «Байтур» ЖЧКсы Жукеев-Пудовкин көчөсү 41де.

Ош шаарынын - Ленин, Алиев, Лермонтов, Мичурин көчөлөрүндө.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий