• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Шашылыш билдирүү: Cел жүрүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 26.06.18. /Кабар/. 2018-жылдын 26-июнунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий