Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы өзүнүн жамаатына жооптуу кызматкерлерди чакырат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ишканага төмөнкү адистиктеги кызматкерлер талап кылынат:
- башкы бухгалтер
- материалдык бухгалтер
- мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы
- сатып алуулар боюнча жетектөөчү адис
- өнүктүрүү жана пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы
- оңдоо-курулуш иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы
- суу чарба башчысы
- нарколог
Баарлашуу иш күндөрү Ташкент көчөсү, 17 дарегинде өтөт. Толук маалымат алуу үчүн 37-53-30 номери аркылуу кайрылсаңыздар болот.
Пикир
Оставить комментарий