• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкек ЖЭБиндеги жарылуу. Энергетика министри ыкчам штаб менен жыйын өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн штабдын мүчөлөрү менен ыкчам жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында авариялык абалды тез арада калыбына келтирүү үчүн керектүү чараларды көрүү жана кырдаалдын келип чыгуу себептерин аныктоо маселеси талкууланды.

Министр алгач отун цехинин ачылып калган жерлерин жабуу, кошумча кызматтык күч тартуу, кошумча от казандарды ишке киргизүү, жылуулук температурасын сактап калуу, кабылына келтирүүдөгү керектүү жабдууларга акча каражатын чечүү боюнча тапшырма койду.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлгөн. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, кырсыкка байланыштуу буга чейин КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана энергетика министри Таалайбек Ибраев чет өлкөдөгү иш сапарларын үзгүлтүккө учуратып, Бишкекке кайтып келишкен.

Президент Садыр Жапаров ЖЭБдеги абалды жеке көзөмөлүнө алып, кийин ЖЭБди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, тез арада үйлөрдү жана социалдык объектилерди жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү ташырды.

Пикир

Оставить комментарий