• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкек ЖЭБи күз-кыш мезгилине кандай даярдалууда

Коом 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарын жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн ЖЭБде пландык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ЖЭБдин жабдууларын, имараттарын жана курулмаларын оңдоо иштери аткарылууда.

Учурда № 13, 15, 17, 20 жана № 19 отказан агрегаты оңдоодон өтүүдө. Быйыл № 6, 9 турбиналык агрегаттарды капиталдык оңдоодон өткөрүү пландаштырылса, андан соң 4 турбоагрегат - № 5, 7, 8, 10 оңдоодон өткөрүлөт.

Ошондой эле бүгүнкү күндө №3 жана №4 энергоблоктордо оңдоо иштери жүрүп жатат.

2024/2025-жылдын күз-кыш мезгилине ЖЭБдин электр жана жылуулук менен камсыздоого даярдык көрүү үчүн төмөнкүдөй көлөмдө отун берүү пландаштырылууда:

  • 1 000 000 тонна көмүр, анын ичинен: 250 000 тонна импорттук, 180 000 тонна кыргыз көмүрү, 50 000 тонна жана 520 000 тонна жергиликтүү көмүр;
  • 110 679 млн м³ жаратылыш газы;
  • 8 000 тонна мазут менен камсыз кылуу пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий