• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ТИМ кыргызстандыктарга курч кырдаалга байланыштуу Жакынкы Чыгышка баруудан алыс болууну сунуштайт

Коом 0

Бишкек, 19.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыш аймагындагы курч кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарды Израиль, Иран, Сирия, Ирак, Ливан жана Палестина аймактарына баруудан алыс болууну сунуштайт.

ТИМ ошол эле учурда, жогоруда аталган өлкөлөрдө жүргөн жарандарды кырдаал турукташканга чейин өз коопсуздуктары үчүн чаралардын күчөтүүсү зарыл экенин белгилейт.

Ошону менен бирге, аталган региондордо жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл болгон учурда жардам же консультация алуу үчүн элчиликтердин шашылыш байланыш телефондоруна кайрыла алышарын билдирет.

1. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчилиги: +905456896800;
2. Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы элчилиги: +966583769945;
3. Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги: +989352505226;
4. Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги элчилиги: +96525359951.

Пикир

Оставить комментарий