Бишкек ЖЭБинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иштер уланууда

Коом 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунда 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери уланууда.

Энергетика министрлигинен маалымдашкандай, техникалык тейлөө иштери менен катар учурда ЖЭБдин кубаттуулугун калыбына келтирүү үчүн камсыздоо каналын ылай, балыр жана чоподон тазалоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле каналдын боюндагы бир нече аянттарда атайын техникалар менен каналдын түбүнүн бир бөлүгүн дренаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган канал ЖЭБдин турбиналык конденсаторлорунда өтө ысып кеткен бууну муздатуу, көмөкчү жабдууларды жана айлануучу механизмдерди муздатуу үчүн техникалык суу менен камсыз кылат.

Каналды тазалоо иштеринин негизги максаты ЖЭБде электр энергиясын өндүрүүнүн азайышына алып келиши мүмкүн болгон муздаткыч суунун өткөрүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жол бербөө болуп саналат.

Белгилей кетсек, Бишкек ЖЭБ Кыргызстандын бүткүл түндүгүн электр энергиясы, Бишкек шаарын жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылган татаал технологиялык процесси бар стратегиялык ишкана.

Маалымат үчүн: ЖЭБди суу менен камсыз кылуунун негизги булагы 4 чакырымдай аралыкта жайгашкан Батыш Чоң Чүй каналы болуп эсептелет. Батыш Чоң Чүй каналынан суу жээктеги үч насостук станцияга (БНС-1, 2, 3) жеткирүүчү канал аркылуу берилет, жалпы чыгымы секундасына 28 куб метрди түзөт. Жээктеги насостук станцияда циркуляциялык насостор орнотулган, алар кайра иштетүүчү сууну циркуляциялык түтүктөр аркылуу айдайт. Насостук станциянын аймагынан ЖЭБдин аймагына чейин жер астынан тартылган циркуляциялык суу түтүктөрү, ЖЭБди суу менен камсыз кылуунун резервдик булагы, чыгымы секундасына 15 куб метрге чейин болгон Аламүдүн темир-бетон каналы (жогорку агым) болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий