Бишкек ЖЭБдеги кырсык. Жабыркаган кызматкер үй менен камсыздалды

Коом 0

Бишкек, 07.06.24./Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкта жабыркаган кызматкер үй менен камсыздалды.

Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул иштер министр Талайбек Ибраевдин өзгөчө кырдаал учурунда жабыркагандарга жардам көрсөтүү зарылчылыгы жөнүндө тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында аткарылды.

Жабырлануучуга Бишкек ЖЭБинин жетекчилиги ишкананын балансындагы үйдө жашоого мүмкүнчүлүк түзүп беришти. Кырсык болгонго чейин ал үй-бүлөсү менен жатаканада жашап келген. Ошондой эле дагы эки жабырлануучунун моралдык чыгымынын орду толтурулганы айтылды.

“Электр станциялары” ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары Азамат Абдыкадыров, Бишкек шаарынын ЖЭБинин директору Алпбек Садыров жана директордун орун басарлары жабырлануучуну көргөнү барышты.

Анда Алпбек Садыров жабырлануучунун ден соолугунун абалы менен таанышып, тезирээк калыбына келтирүү үчүн ишкана тарабынан бардык чаралар көрүлөрүн, зарыл жардамдар көрсөтүлүп турарын белгиледи.

Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБинде болгон аварияда 5 кызматкер жабыркаган. 80-90% күйүк алган эки жабырлануучу президенттин тапшырмасы менен Түркияда дарыланышкан. Андан соң алар Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо, илимий-изилдөө институтунда реабилитациядан өтүшкөн болчу.

Пикир

Оставить комментарий