• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек шаарында 221 техникалык паспорт берилди

Коом 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин акыркы маалыматы боюнча, 24-декабрга карата 221 техникалык паспорт берилди.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бардыгы болуп 1047 арыз кабыл алынып, 8 учурда баш тартылып, 366 техникалык паспорт даярдалды.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.

Көчмө топтору иликтөө иштерин жүргүзүп, андан соң өз алдынча турак жай курулган жер тилкелерине Техникалык паспорт даярдашат.

Техникалык паспортту даярдоо легалдаштырууга укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий