• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Эко деми" фондунун башчысы өкмөт башчыга өлкөнүн экологиялык көйгөйлөрүн айтып берди

Коом 0

Бишкек, 03.05.19. /Кабар/. "Эко деми" коомдук фондунун негиздөөчүсү Айжан Чыныбаева, бүгүнкү күндүн экологиялык көйгөйлөрү жана урбанистика темасы боюнча жарандык активисттердин жолугушуусунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге өлкөнүн экологиялык көйгөйлөрү тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, эл табият койнуна чыгып, аркасында тонналаган таштанды калтырып кетишет.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күнү айрым экосистемаларды жоготуу коркунучу бар.

"Алсак, Ысык-Көлдө жана баардык суулуу жерде", - деди ал.

Аны менен бирге ал экология багытында иштеген мамлекеттик органдардын иши канааттандырарлык эмес экендигин айтып өттү.

"Маалыматтык системанын жоктугу маселеси бар. Ошондой эле мамлекеттик органдардын экология багытындагы иши канааттандырарлык эмес. Мамлекеттик системаларда реформа керек. Бишкекте Санэпидемстанциянын болгону 16 инспектору бар. Алар кантип байкап жетишет? Кара-Балта, Нарын жана Таласта иштешпейт. Бул жакта олуттуу реформалар жана баардык ишти түшүнүү керек", - деди ал.

Ошондой эле аталган фонддун өкүлү белгилегендей, алар жергиликтүү бийлик жана мамлекеттик органдар менен бир нече жылдан бери иш алып барып келишет. Анын жыйынтыгында активисттер Кыргызстанда бирдиктүү карта – таштанды жайларынын санариптүү картага алуу иши жок деген чечимге келишкен.

"Таштанды маселеси бир эле КМШ эмес, бүтүндөй дүйнөнүн маселеси. Биздин таштанды жайларын эмне кылуу керектиги боюнча кеңеш бере алган мыкты адистерди тартуу керек. Аны менен бирге, аймактарга таштандыны иштетүүчү компанияларды тартуу үчүн өлкө боюнча таштандынын көлөмү тууралуу маалымат алуу керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий