• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда алгачкы жолу лифт жабдууларын чыгаруучу завод ишке кирет

Коом 0

Бишкек, 21.01.22 /Кабар/. Кыргызстанда алгачкы жолу лифт жабдууларын чыгаруучу завод ишке кирет. Бул тууралуу КРнын Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн агенттиктин башчысы Нурадил Баясов жана бир нече өкүлдөр долбоордун жүрүшү менен таанышуу максатында лифт жабдууларын чыгаруучу «SKY Industrial Group» ЖЧК ишканасына барышкан.

«SKY Industrial Group» заводу Кыргызстандагы лифт жабдууларын жана көтөрүүчү механизмдерди (жүргүнчү, жүк ташуучу, панорамалык, оорукана, кичи жана чоң жүк көтөргүчтөрү, курулуш лифттери) чыгарган жылына 3000ден ашык жабдууларды чыгаруучу кубаттуулугу менен өлкөдөгү биринчи ишкана болот.

Ишкана ошондой эле брондолгон эшиктерди, автоматташтырылган токтоочу системаларды жана башка продукцияларды чыгарууну камсыз кылат.

Ишкананын аянты 20 миң чарчы метрди ээлейт жана инновациялык технологиялар бөлүмүнөн, жабдуулардын тетиктерин, элементтерин сыноону жүзөгө ашыруучу өндүрүштүк лабораториялардан, көргөзмө залынан, ошондой эле «SKY» сыноо мунарасынан турат.

Бардык өндүрүш линиясы Кытай, Түштүк Корея жана Кыргызстандын адистери менен биргеликте долбоорлонгон. Ишкананын ишке кириши 200дөн ашык жаңы жумуш орундарын түзүүнү камсыздайт, долбоордун жалпы баасы 110 млн сомду түзөт.

«Компания өндүрүштөгү жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылган уникалдуу техникалык чечимдерди колдоноорун, ошону менен бизнестин жоготууларын азайта тургандыгын баса белгилей кетүү керек. Жакынкы келечекте өлкөбүз коопсуздук жагынан да, ыңгайлуулугу жагынан да эң жогорку сапат стандарттарына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү продукция менен өзгөчөлөнө алат. «SKY Industrial Group» өз продукциясын Кыргызстандын рыногуна гана сатпастан, Борбор Азиянын рыногуна чыгууну пландаштырууда», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий