• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекке Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү келди

Саясат 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарына Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй келди.

КР ТИМден билдиришкендей, бүгүн, 30-мартта "Манас" эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу мейманды Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев тосуп алды.

Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуулар, ошондой эле соода-экономикалык, инвестициялык жана региондор аралык кызматташуу жаатындагы эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий