• 87
  • 89.63
  • 0.85

Бишкекке түрк өндүрүшүнөн чыккан ISUZU автобустарынын биринчи партиясы келди

Коом 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Бишкекке түрк өндүрүшүнөн чыккан ISUZU автобустарынын биринчи партиясы келди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат боюнча, автобустардын 14ү борбор калаадагы ДЕПО-1 аймагына токтотулат. Тиешелүү процедуралардан кийин коомдук транспорт каттамга чыгат. Калган 54 автобус этап-этабы менен өлкөгө келет. Анын 17си учурда Шымкент шаарына жетип калды.

Транспорт каражаттары газ менен жүргөндүктөн шаардын экологиялык абалын жакшыртуу үчүн жасалган маанилүү кадамдардын бири болуп эсептелет.

12 метрлик жаңы автобустар 85 жүргүнчүнү батыра алат, анын ичинен 21 орун отурууга ылайыкталган. Автобус ошондой эле кондиционер, пандус менен жабдылган.

Мэрия мындан ары да шаардын транспорттук инфраструктурасын жаңылоо боюнча активдүү иштерди жүргүзүү улантыла берерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий