• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Бишкекте 10 мобилдүү бригада үй карантининдеги жарандарга көзөмөл жүргүзүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Бишкекте 10 мобилдүү бригада үй карантининдеги жарандарга көзөмөл жүргүзүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 24-мартта мобилдик бригаданын медиктери ар кайсы өлкөлөрдөн келген 64 кишиге көзөмөл жүргүзүп, алардын 51и алгачкы жолу, 13 киши кайрадан текшерилди.

Бригаданын курамында Үй-бүлөлүк медицина (ҮМБ) борборлорунан 1 дарыгер жана 1 эпидемиолог бар, алар өздүк коргоочу каражаттар, уюлдук байланыш менен камсыз болушкан.

Аларга компьютер жана керектүү жабдыктар менен камсыздалган иш бөлмөлөр уюштурулду.

"Бишкек шаарынын мэриясы мобилдик бригадалар үчүн айдоочулары менен 10 автоунаа берди жана күйүүчү майлары менен камсыз кылды", - деп айтылат маалыматта.

"Мобилдүү бригадаларды киргизүү ресурстарды натыйжалуу колдонууга, медицина кызматкерлеринин оорулуулар менен болгон байланышын минималдаштырууга жана жергиликтүү ҮМБнын дарыгерлеринин ишин жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк берет", - деп белгиледи медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Нургүл Ибраева.

Пикир

Оставить комментарий