• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Өзгөчө абал режими мезгилинде күнү-түнү иштөөчү Call-борбор уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан консультациялык жардамдын «биринчи линиясына» аракеттешүү процесстерин уюштуруу жана коштоо максатында күнү-түнү иштей турган Call-борбор уюштурулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Түз байланыш телефондору мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн өзгөчө абал режими киргизилген административдик-аймактык бөлүктүн комендатурасы менен өз ара иштешүү маселелерин чечүүгө аракеттешет.

Call-борбордун телефон номерлери: (999) 444-777 жана (999) 444-666.

Пикир

Оставить комментарий