• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте 13,9 млн сомдук жер тилкеси мэриянын балансына кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.10.23./Кабар/. Бишкекте 13,9 млн сомдук жер тилкеси мэриянын балансына кайтарылды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Ленин райондук прокуратурасы тарабынан КР Жер кодексинин талаптарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2006-жылы Ленин райондук администрациясынын мыйзамсыз токтому менен А.И. аттуу жаранга Арча-Бешик конушунун Иманкулов көчөсүндөгү (Түштүк магистраль менен чектешет) жер тилкеси жеке турак үй куруу үчүн бөлүнүп, анын негизинде жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы берилип кеткендиги аныкталган.

Райондук прокуратура мыйзамсыз берилген жер тилкесин мамлекетке кайтаруу үчүн сот органдарына доо арыз менен кайрылып, бардык инстанцияда толугу менен канааттандырылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан Бишкек мэриясына талап келтирилип, 13 млн 992 миң сомго бааланган жер тилкеси шаардын балансына кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий