• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Камчы Көлбаевдин УКТ мүчөсү Алтынбек Ибраимов үй камагына чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Алтынбек Ибраимов (Алтуха) үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

"Соттун 2023-жылы 4-октябрдагы токтоту менен КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү канааттандырылып, мурда И.А.Т.ны (Алтынбек Ибраимов) камакка алуу түрүндөгү жаза чара 2023-жылы 26-октябрга чейин үй камагына чыгаруу чарасына алмаштырылды", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ "мыйзамдагы ууру" кримтөбөл Камчы Асанбек (Көлбаев) кармоо учурунда жок кылынган. КР УКМКдан билдиришкендей, ал кармоо учурунда атайын кызматтын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий