Бишкекте №226 автобустун кыймылы өзгөрдү

Коом 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Бишкекте №226 автобус каттамынын схемасы өзгөртүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

Эми автобус Медеров көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө андан ары Жукеев-Пудовкин көчөсү менен Токомбаев көчөсүнө жана "Асанбай" кичи районуна чейин барат.

Белгилей кетсек, аталган чара шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында жана Жукеев-Пудовкин көчөсүндө коомдук транспортту ишке киргизүү боюнча №7 жана 8-кичирайондорунун тургундарынын бир нече жолку өтүнүчүнөн улам, ошондой эле Юнусалиев көчөсүн тыгындан бошотууга байланыштуу кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий