• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте 4-апрелден баштап жылуулук өчүрүлөт — мэрия

Коом 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Бишкекте 4-апрелден баштап жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим вице-мэр Жамалбек Ырсалиевдин катышуусундагы күз-кыш мезгилине даярдык боюнча оперативдүү штабдын жыйынында кабыл алынды.

“ӨКМдин гидрометеорологиялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 31-марттан тарта абанын температурасы жогорулайт. Катуу суук күтүлбөйт”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, жылуулук абанын суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо өчүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий