Бишкекте №42,103 автобустар эми Чүй проспектиси менен жүрө баштайт

Коом 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасы коомдук транспорттун жаңы схемасын бекитти.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, Киев көчөсү менен каттаган №42 жана №103 автобустар эми Чүй проспектиси менен жүрө баштайт.

Эскерте кетсек, буга чейин Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүндө кичи автобустук каттамдардын кыймылы толугу менен альтернативалык көчөлөргө - Киев, Токтогул, Фрунзеге багытталган.

Пикир

Оставить комментарий