• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Анаркүл Эсенбаева: “Санарип Инсан” ар бир кыз-келинге экономикалык бакубаттуулукка жетүүгө мүмкүнчүлүк берет

Коом 0

Анаркүл Эсенбаева Кыргызстандын аймактарында жашаган аялдардын жана жаштардын арасында санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана экономикалык бакубаттуулукту жакшыртууга багытталган “Санарип Инсан” долбоорунун катышуучусу.

"Бугу эне" жааматыөз ишин баштаган Тасма айылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. Команда айылдагы чөптөрдөн жана гүлдөрдөн колго жасалган, экологиялык таза самындарды жасашат. Команданын негиздөөчүлөрүнүн бири Анаркүлдүн айтымында, жыл сайын эко продукцияга суроо-талап өсүүдө.

"Биздин "Бугу эне" командасы 2010-жылы түзүлгөн. Көптөгөн айылдаштар келип, эмне кылып жатканыбызды сурап, анан иштей башташты. Башында көп кыйынчылыктар болду. Анан биздин продукциянын элге пайдасы тийген дарылык касиети бар экенин элге жеткирүү кыйын экен. Азыр эл түшүнө баштады, бирок 14-15 жыл мурун кыйын болчу", - дейт ал.

Санарип Инсан долбоору аларга жаңы санариптик мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен акча табууга жардам берди.

"Көрсө, долбоорго чейин биз жөн эле иштечүбүз – самын жасап, ошонун баарын жасаш керек деп ойлочубуз. Азыркы санариптик доор көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат. Мурда самынды кол менен, үймө-үй кыдырып сатып келсек, азыр көп убакыт коротпой эле жасап жатабыз. Так ушуну "Санарипте" үйрөтүштү – кантип тасма тартуу керек, контентти кантип жасаш керек, социалдык тармактар​ ​аркылуу кантип сатуу керек. Бул биз үчүн абдан пайдалуу болду. Биз SMM адисин жалдадык. Инстаграмга, Тик Токко жарыялап, жарнамалагандан кийин социалдык тармактарыбызда суроо-талаптар көбөйдү, чалуулар, буйрутмалар көбөйдү", - деп Анаркүл ийгилиги менен бөлүшөт.

Бригада азыр самындын 10 түрүн чыгарат. Долбоордон кийин алар сатууга убакыт коротпостон, продукциянын сапаты боюнча иштөөгө көбүрөөкубакыт алышкан. Чет элдик туристтер көбүнчө Бугу Энеге келип самын өндүрүүнү, чөптөрдү чогултуудан баштап самындын өзүн чыгарууга чейин өз көзүменен көрүш үчүн келишет.

"Биздин аялдарыбызга айтаарым, жаңы иш баштоодон коркпогула. Коомчулуктарга биригип, долбоорлорду издеңиз, жаңы билимге ээ болуңуз, окуп, экономикалык жактан көз карандысызболуңуз", - деп жыйынтыктайт ал.

Санарип Инсан долбоорунун алкагында 500 адам окутулду. Санариптик туризм боюнча тренингдердин аркасында катышуучулар Booking, Google Maps, Airbnb сыяктуу платформаларда иштөөнү үйрөнүштү. Электрондук коммерция боюнча тренингдин алкагында катышуучулар товарларды жана кызматтарды жарнамалоо үчүн социалдык тармактарды жана мессенджерлерди колдонууну үйрөнүштү. Бүгүнкү күндө алар өз бизнесин ийгиликтүү өнүктүрүүдө.

Долбоор Европа Биримдигинин каржылык колдоосуменен ишке ашырылып, Европа Коңшулук Кеңеши жана Интернет Коомунун Кыргызстандагы филиалы тарабынан ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий