• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

4-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.05.22. /Кабар/. Эртең, 4-майда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +20...+25, Талас, Нарын облустарында +19...+24 жана Ысык-Көлдө +18…+23 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы +22…+27 градуска жетет.

Бишкекте +21…+23 градуска чейин жылуу болот.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий