• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте 6 саламаттык сактоо мекемеси оңдолду

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы 6 саламаттык сактоо мекемесинде оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун чатыры жана тышкы канализациясы оңдолуп, №15 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда электр-сантехникалык түтүктөрү жана фасады жаңыланды.

Ал эми №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жалпы курулуш иштери жүргүзүлдү. Медициналык тез жардам борборунун жылытуу системасы жана электр блогу да оңдолду.

Ошондой эле №1 шаардык клиникалык ооруканада хирургиялык корпустун жана лифттик блоктордун чатырын оңдоо иштери жүргүзүлдү. Шаардык балдардын сүт ашканасынын ички жасалгалары оңдолуп бүттү.

5 саламаттык сактоо мекемесинде иш жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, 2021-жылга 90 муниципалдык объектти оңдоо пландалууда. Анын ичинен: 55 билим берүү объектилери толук бүткөрүлгөн, 11 саламаттык сактоо объектилери, 3 социалдык коргоо объектилери, 14 маданият объекттери жана 6 турак жай-коммуналдык чарба объекттери.

Пикир

Оставить комментарий