• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте 6 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, наристе жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. Бишкектеги Гагарин жана Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде алты жеңил унаа кагылышып, кичинекей бала жабыркады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын билдирүүсү боюнча, 6 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы кечээ, 4-июлда болжол менен саат 15:10до катталган. Унаалардын көбү Гагарин көчөсүндө жол боюнда токтоп турган.

“Кырсыктын натыйжасында №3 балдар ооруканасына анча оор эмес жаракаты менен кичинекей бала жеткирилген. Ал эми келтирилген чыгым боюнча айдоочулар өз ара мкулдашып алышкан”, - деп билдиришти милициядан.

Окуя тууралуу видеону социалдык түйүндөргө кырсыктын күбөлөрү жарыялашкан.

Пикир

Оставить комментарий