• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте абитуриенттерди окууга өткөрүүнү убадалап, акча алган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. Бишкекте абитуриенттерди окууга өткөрүүнү убадалап, акча алган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө, 29-июлда "Алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында 84 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда С.Ч.Ч. аттуу кыргыз жараны кармалды.

Аталган акча каражаттары абитуриенттерди борбордогу жогорку окуу жайлардын бирине “ийгиликтүү кабыл алуу” үчүн арналган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий