• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

УКМК: Баасы 4 млн сомдон ашык дары-дармектер менен контрабандалык жүк кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Баасы 4 млн сомдон ашык дары-дармектер менен контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК чек ара кызматынын “Чоң-Капка унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлери менен биргеликте Казакстандан Кыргызстандын аймагына товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 14-ноябрында “Чоң-Капка унаа жол” постунда КР жараны А.Б.А. башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү “02 KG 314 ABR” мамлекеттик номуру жүк ташуучу унаа кармалган.

Айдоочу көрсөткөн документтерде жүк үй буюмдары катары көрсөтүлгөн. Бирок, жогоруда аталган унааны дыкаат текшерүүдө тиешелүү уруксат кагаздары жана коштоочу документтери жок болгон, болжол менен баасы 4 млн сомдон ашык дары-дармектер жана башка товарлар табылган.

Азыркы учурда бул факты боюнча салык төлөөдөн качуу түрүндөгү зыяндын өлчөмүн аныктоого багытталган сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий