Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Бишкекте адам өмүрүн алган өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Маевка айылына жетпей Белозерский көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.
Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 14:26дан тарта 2 бөлүм тартылып, 16:25те толук өчүрүлгөн.
Аянты 85 чарчы метрди түзгөн турак үй толугу менен күйгөн. Учурда кырсыктын себептери такталууда.
Өрттүн кесепетинен 1960-жылы туулган Т.С. аттуу эркек киши каза болду.
Пикир
Оставить комментарий