• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкекте агроөнөржай көргөзмөсү жана айыл чарба жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарында “АгроТехЭкспо-2024” агроөнөржай көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 18-октябрдан 20-октябрга чейин Турдакун Усубалиев атындагы аянтта болмокчу.

Көргөзмөнүн негизги максаты агрардык тармактын мүмкүнчүлүктөрүн инвесторлорго сунуштоо жана айыл чарба техникаларын сатууда атаандаштыкты жаратуу, фермерлердин заманбап агроөнөржай технологиялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Аталган көргөзмөдө дүйнөнүн алдыңкы айыл чарба техникаларын өндүргөн ишканалардын техникаларынын бардык түрү жана жаңы инновациялык технологиялар, үрөндүн түрлөрү, жер семирткичтер, ветеринардык дары-дармектер, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар, энергетикалык каражаттар, асыл-тукум мал жана башка айыл чарба товарлары сунушталат. Ошондой эле лизинг долбоорлору боюнча презентациялар болот.

Көргөзмөгө республиканын ар кайсы облустарынан 20 миңден ашуун фермер жана дыйкандар катышат.

Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, “Айыл Банк” ААК жана “Элдик Банк” ААК тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий