• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бишкекте зордук-зомбулукка каршы иш-чаралар өттү

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Бишкек шаарында мэриянын колдоосу менен аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы акция өттү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Лариса Губина билдирди.

Анын айтымында, мэрия жыл сайын гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүккө арналган бир катар иш-чараларды өткөрүп келет.

"Быйыл дагы борбор калаанын мэриясынын демилгеси менен Пекин декларациясынын 30 жылдыгынын алкагында "Аялдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн биригебиз" деген ураан астында 16 күндүк зомбулукка каршы кампания өттү. Анын алкагында социалдык өнүктүрүү органдары, ички иштер, билим берүү, маданият жана спорттук мекемелер биргеликте бир катар иш-чараларды өткөрүштү.

"Үй-бүлөлүк зомбулуктан жана зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борбору" муниципалдык мекемеси жана Социалдык жатакананын администрациясы менен биргеликте жаштар жана шаардагы спорт мектебинин жана билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн маалыматтык семинарлар, лекциялар өткөрүлдү.

Мындан сырткары, "Зордук-зомбулуксуз дүйнө" аталышындагы сүрөт сынактары уюштурулду. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын жана Роскызатташтыктын демилгеси менен өткөрүлгөн акциянын жүрүшүндө кайрымдуулук акциясы дагы уюштурулду. Россиядан 4 волонтер келип, биздин кызматкерлерди турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар менен иштөөнү үйрөтүштү, ошондой эле жашы жете электер жана алардын ата-энелери менен консультациялык жолугушууларды өткөрүштү”,-деп белгиелди Губина.

Ошондой эле ал Бишкек шаарынын мэри тарабынан 4 автоунаа берилип, 2024-жылдан тарта аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук боюнча шашылыш чакырууларды тейлеген республикадагы жалгыз социалдык кызмат иштей баштаганын айтты.

"Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк өнөктүгүнүн жүрүшүндө 362 чалуу, 35 чакыруу болду. Бул аралыкта 42 бала аныкталып, анын ичинен 38 бала биздин борборлорго убактылуу жайгаштырылып, 4 бала ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин үй-бүлөсүнө кайтарылган",-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий