Бишкек,06.12.24./Кабар/ Бишкекте дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтүүдө.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жарманке Түгөлбай-Ата көчөсүндө Эркиндик бульвары менен Тыныстанов көчөсүнүн ортосунда өтөт.
Шаар тургундары айыл чарба продукцияларын дүң жана чекене баада сатып ала алышат.
Жарманкенин максаты - ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо.
Пикир
Оставить комментарий