• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте аткезчилик тамекинин ири партиясы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Бишкекте аткезчилик тамекинин ири партиясы кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажычылар Бишкектин Жаш Гвардия-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде Б.Г.С. (башкы тамгалар өзгөртүлдү) аттуу кыргыз жаранынын башкаруусунда Toyota Alphard үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Текшерүү учурунда унаанын салонунан 80 куту акциздик маркасы жок тамеки табылган. Ошондой эле жүк бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок болгон.

Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 211 миң 65 сомду түздү.

Аталган факты КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий