Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районунда жашаган аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө көмүр таратылды.
Парламенттен билдиришкендей, эл өкүлү Шайлообек Атазов көмүр таратуу демилгеси менен "Smart generation" кайрымдуулук фондуна кайрылган.
Аталган фонд көтөрүлгөн демилгени колдоп, 100 үй-бүлөгө көмүр таратууга каржылык жардам көрсөткөн.
Пикир
Оставить комментарий