Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 22-февралдан баштап “ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧКсы тейлеген №2 автобус каттамынын схемасы жарым- жартылай өзгөрдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, №2 автобус Үмүт конушунан Мыскал, Юбилейный, Ленинский, Фучик, Чүй проспектиси, Бейшеналиев, Москва, Жаш Гвардия, Лев Толстой (жугуштуу оорулар ооруканасы), Логвиненко, Панфилов, Горький, 7-Апрель, Ахунбаев, Арстанбап, Куланак көчөлөрүн камтып, Көк-Жар конушуна чейин каттайт.
Каттамдын узундугу 36 чакырым, автобустардын аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт. Линияга 20 автобус чыгат.
Пикир
Оставить комментарий