• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Торонтодо кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларынын жыйнагы жарык көрдү

Билим 0

ишкек, 16.01.24. /Кабар/. Канаданын Торонто шаарында Altaspera Publishing & Literary Agency Inc. басмакана агенттиги тарабынан кыргыз жазуучуларынын жана акындарынын балдарга арналган "Кызгыл фламинголордун үйүрү" аттуу жыйнагы жарык көрдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жыйнактын автору, КР Жазуучулар союзунун мүчөсү Наргиса Карасартова билдирди.

16 ата мекендик автордун эмгеги англис жана орус тилдерине которулган, жыйнак көп тилдүү болуп саналат.

"Кыргыз тилиндеги чыгармаларды орус жана англис тилдерине, орус тилинде жазылган чыгармаларды англис тилине котордум. Мунун баарын кыргыз авторлорунун чет өлкөлөрдө көбүрөөк таанылышы үчүн жасап жатабыз. Чет өлкөдө окурмандардын кеңири аудиториясына ээ болушубуз үчүн котормочулук менен алектенишибиз керек", - деди Карасартова.

Ал белгилегендей, аталган жыйнак анын биринчи котормо китеби эмес. Буга чейин ал ата мекендик адабиятчылар менен бирге "Платан" жыйнагын чыгарган, ага улуу курактагы окурмандар үчүн чыгармалар кирген. Ошентип, Карасартованын котормолорунун аркасында Кыргызстандын көптөгөн акын-жазуучулары эл аралык сынактардын лауреаты болушту. Автор ишмердүүлүгүн дагы да улантып, 2024-жылы 2 жыйнакты басмадан чыгарууга ниеттенип жатканын белгиледи.

"Акыркы 2-3 жылда мен окурмандардын аудиториясын кеңейтүү максатында адабий котормолор жана таланттуу кыргыз авторлорун эл аралык ареналарга чыгаруу менен алектендим. Мен орус жана англис тилдерине которуу кыргызстандык авторлордун адабий жаатта жемиштүү иштешине түрткү болот деп эсептейм", - деди Карасартова.

"Кызгыл фламинголордун үйүрү" жыйнагы lulu.com басмасынын сайтында жеткиликтүү. Январдын аягына чейин ал дүйнөнүн бардык негизги китеп сайттарына жайгаштырылат. Каалоочулар жашаган жерине карабай буйрутма берсе болот.

“Бул иш-чара биздин жазуучулардын майрамы. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда дагы китеп чыгаруу абдан кыйын болуп калганын белгилеп кетким келет. Ал эми "Кызыл фламинголордун үйүрү" жыйнагы Канадада басылып чыккан. Жеке мен үчүн бул тарыхый окуя. Бул китептин аркасында авторлорубуздун ырлары, аңгемелери бүткүл дүйнө жүзү боюнча окулат", - дейт жазуучу, акын, КР маданиятынын отличниги Үмүтай Эралиева.

Жазуучу, философ, КР маданиятынын отличниги Шоистай Равшан жыйнакка кирген адабияттар философиялык постулаттардын жогорку мазмуну менен айырмаланарын баса белгиледи.

"Бул китеп кыргыз элинин психологиясын, дүйнө таанымын чагылдырган чыгармачылык гүлдесте. Мен аны окуп суктандым, ал Европада өз окурмандарын табат деп ойлойм", - дейт Шойстай Равшан.

Поэтесса, КР билим берүүсүнүн отличниги Перисат Абдалиева дүйнөдө балдар адабиятын өнүктүрүүгө жетишерлик көңүл бурулбай жатканына басым жасап, мындай жыйнакты чыгарууну балдарды окууга тарбиялоодо мугалимдер үчүн колдоо катары баалоо керектигин белгиледи.

Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Бардибай Кияшбаев китептин бет ачарында орус жазуучусу максим Горькийдин "балдар үчүн жазуу - бул эбегейсиз эмгек жана чоң жоопкерчилик" деген сөзүн келтирди.

"Балдардын өзүнүн дүйнө таанымы жана ар кандай нерселерге болгон мамилеси башкача болгондуктан, аларды адабий саптар менен таң калтыруу же алдоо кыйын. Азыр бизде балдар үчүн жазган авторлор көп, бирок колдоонун, каражаттын жоктугунан алардын чыгармаларын чыгаруу кыйынга турат. Мамлекет бул маселеге көңүл буруп, жардам бере баштаганы бизди кубандырат. Ырларым биринчи жолу англис жана орус тилдеринде жарык көрүп жатканына кубанычтамын, бул үчүн Наргиса Карасартовага абдан ыраазымын", - деди Бердибаев.

Жазуучу Сайра Сеитова медалдын аркы бети жөнүндө айтып, азыркы жаштардын китепке болгон кызыгуусу жоголуп баратканын белгиледи.

"Балдардын китепке болгон сүйүүсүн эне гана ойгото алат деп ишенем. Аларга жомок окуп бериши керек, ата-энелер өздөрү да алардын көз алдында үлгү болушу шарт. Жаш окурмандар үчүн чыгарма жазууга чейрек кылымды арнап, азыр да чыгармачылыктын түйшүктүү жолун басып келем. Мен он китептин авторумун. Албетте, бийлик тараптан колдоо бар, бирок каржылоо "сол жана оң чөнтөккө" бөлүнөт. Эгерде “оңго” көбүрөөк акча түшсө, анда биз, авторлор, чыгармаларыбыз жарык көрүп, окурмандарын чогултканына сүйүнөбүз", - деди ал.

Өз кезегинде балдар жазуучусу Бакытбек Арстаналиев чет өлкөлөрдө миңдеген кыргызстандык жарандар иштеп, миграция жүрүшкөнүн, алар жана алардын балдары үчүн мындай жыйнактар Мекен менен байланышкан өзгөчөлүк болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Жыйнакка кирген акын-жазуучулар: Перисат Абдалиева, Бакытбек Арстаналиев, Бубуйра Бектенова, Анастасия Буковская, Алтынай Иманбекова, Лейла Карасартова, Лилия Аргинова, Бердибай Кияшбаев, Гулнара Керимбаева (Астана шаары), Кундузбүбү Маматова, Сиренкан Сарбалаева, Сайра Сеитова, Жазгул Чоткораева, Умутай Эралиева.


Китептин котормочусу жөнүндө кыскача. Наргиса Карасартова КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, КР Журналисттер союзунун мүчөсү, Евразия чыгармачылык гильдиясынын мүчөсү (Лондон), Түндүк Америка Жазуучулар союзунун мүчөсү, Эл аралык адабиятты жана искусствону өнүктүрүү академиясынын академиги, эл аралык адабий конкурстардын лауреаты.

Жаңырган жылда котормочу "балдар адабияты" багытында ишин улантууну жана мүмкүн болсо котормо үчүн авторлордун санын көбөйтүүнү пландоодо. "Кыргызстан - улуу таланттын кампасы, биз жөн гана кыргыз акын-жазуучуларынын мейкиндигин кеңейтишибиз керек", - деп эсептейт ал.

Пикир

Оставить комментарий