• 87
  • 90.55
  • 0.84

Бишкекте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун негизги маселелери талкууланууда

Коом 0

Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ЕКПА) колдоосу менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан азык-түлүк системалары диалогунун форуму өтүүдө.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, форумдун максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, логистиканы жакшыртуу, инновацияларды киргизүү жана айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү маселелерин талкуулоо болуп саналат.

Катышуучулар азык-түлүк тутумдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бардык этаптарда: өндүрүштөн жана кайра иштетүүдөн дистрибуцияга жана керектөөгө чейинки чечимдерди сунушташууда.

Форумдун программасы мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жеке сектордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен төрт сессияны камтыйт.

Ошондой эле өнөктөштүктү бекемдөөгө жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында биргелешип иштөөгө багытталган маанилүү меморандумдарга кол коюлат.

Форум тажрыйба жана билим алмашуу үчүн, ошондой эле Кыргызстан калкынын тамактануусун жана ден соолугун жакшыртуу боюнча биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү платформа болуп калат.

Пикир

Оставить комментарий