• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ак-Тилек, Бакай-Ата конуштарын газ менен жылытууга өткөрүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Бишкектеги Ак-Тилек жана Бакай-Ата конуштарында газ менен жылытууга өткөрүү боюнча жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууга Свердлов районунун башчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Айтакунов, МАБ башчылары, "Газпром Кыргызстан" жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө үй ээлерине жаратылыш газ менен камсыздоо тармагына кошуу ыкмалары, ошондой эле банктын (финансы-кредиттик уюмдардын) газдаштырууга багытталган жөнөкөйлөтүлгөн насыя тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле райондун тургундарына 150 миң сомго чейин насыяны күрөөсүз, баштапкы төлөмсүз, төмөн пайыз менен алууга болору айтылды. Каржылык мүмкүнчүлүгүнө жараша насыяны төлөө үчүн эң ыңгайлуу мөөнөттү адам өзү тандайт – үч ай же эки жыл.

Түшүндүрүү иштеринен кийин жолугушуу суроо-жооп форматына өтүп, тургундар бардык кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Пикир

Оставить комментарий