Бишкекте Байтик баатыр көчөсүнүн бир бөлүгүнө асфальт төшөлдү

Коом 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Бишкекте жолду капиталдык оңдоо иштери уланууда

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда капиталдык оңдоо жумуштары Байтик баатыр жана Иса Ахунбаев көчөлөрүндө жасалууда.

Байтик баатыр көчөсүнүн Аалы Токомбаевден Абды Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальттын биринчи катмары төшөлдү.

Ал эми Иса Ахунбаев көчөсүндө Чынгыз Айтматов проспектисинен Абдылас Малдыбаев көчөсүнө чейин асфальт басылууда. Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыкка эки катмар асфальт төшөлдү. Жолдорго биринчи катмары 6 см, экинчи катмары 5 см асфальт төшөлөт.

Аталган эки көчөдө капиталдык оңдоонун биринчи этабын 15-июнга чейин бүтүрүү мерчемделүүдө.

Белгилей кетсек, аталган эки көчөдө жолду капиталдык оңдоо 26-майда башталган. Байтик баатыр көчөсү Аалы Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейин, Иса Ахунбаев көчөсү Чынгыз Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече бөлүк менен жасалат.

Пикир

Оставить комментарий