• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Бишкекте 11 курулуш компаниясына айып салынды

Коом 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. Бишкек шаарында 11 курулуш компаниясына айып салынды.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, Муниципалдык инспекция тарабынан аларга протоколдор түзүлдү.

Жанаша аймагын таштандыга толтурганы үчүн КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча төмөнкү курулуш компанияларына 13 миң сомдон айып салынды:

- Фрунзе көчөсү, 466; "Кейджи Восток Сервис" ЖЧКсы;
- Коенкөзов көч, 100; "Турпан Строй" ЖЧКсы;
-Токтогул көч, 165 "Бай Таш Групп" ЖЧКсы;
- Фрунзе көчөсү,100; "Жаз Строй" ЖЧКсы;
- Репин көчөсү, 219; "Асман Констракшн" ЖЧКсы.

КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 23 миң сом өлчөмүндө айып пул алгандар.

- 7-апрель көч, 2 а/1; "Биштаун" ЖЧКсы;
- Фрунзе көчөсү, 100. "Жаз Строй" ЖЧКсы;

КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгүн төмөнкү компаниялар сакташкан эмес. Аларга 23 миң сомдон айып пул салынды:

- Самойленко көч, 87, 89; "Турпан Строй" ЖЧКсы;
- Фрунзе көчөсү, 445. "Кейжи Восток Сервис" ЖЧКсы;

Андан сырткары, "Стерлинг Групп" ЖЧКсына карата 179-берененин 2-бөлүгү боюнча протокол жазылып, ошондой эле 179-берененин 3-бөлүгүнө ылайык "Делмар Групп"ЖЧКсына айып салынган.

Бишкек мэриясы көрктөндүрүү эрежелери бардыгы үчүн бирдей экенин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий