• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бишкекте бир жума ичинде 46 мас айдоочу кармалды

Коом 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Бишкек шаарында 26-июлдан 1-августка чейин 2 миң 876 жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат
башкармалыгынан билдиришти.

Бир жумада аныкталган жол эреже бузуулар:

- мас абалында унаа айдагандар - 46 айдоочу;
- унаанын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып айдагандар - 12 айдоочу;
- айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдагандар - 86 айдоочу;
- башка жол эреже бузуулар.

Айып аянтчасына 386 унаа коюлуп, анын 102си эвакуатор менен чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий